АШУУДАН АРЫ АШУУ БАР...

Кыргыз өкмөтү эларалык каржы уюмдарынын талабына кайчы келген экономикалык кадамдарды жасай алабы? Айрым саясий күчтөрдүн демилгеси менен түзүлгөн “Беш ашуу” программасы аткаруу бийлик өкүлдөрүнүн алдына кытыгылуу суроону айкүрүнөн койду окшойт.
“Эмгек жана биримдик” партиясынын демилгеси менен өкмөткө сунушталган программа министрлер кабинетин катуу ойлонткон маселеге айланууда. Экономикага караганда саясий кызыкчылыкка көбүрөөк ыктаган көлөмдүү документ тууралуу пикирин билүүнү президент өзү өтүнүп отурганы, программанын авторлорунун катарында Акүйдүн белдүү чиновниктеринин аты жазылганы партия белгилеген максат-милдеттер акыйкатта да өкмөт мүчөлөрүнүн көңүлүн буруп жаткан.

“Эмгек жана биримдик” партиясынын жетекчиси Юруслан Тойчубековдун ырасташынча, алдыдагы экономикалык багыттарды камтыган “Беш ашуу” программасы “Миң булак” каржылык колдоосуна таянмакчы.

Экономикалык ыкчам өнүгүүгө өбөлгө түзүүчү шарттар катары жаңы программа авторлору беш багытты, “беш ашууну” сунушташкан. Беш ашууну ашыш үчүн Кыргызстан Борбор Азиянын ишкерлик менен каржылык борборуна айланышы керек. Антишке толук шарттар бар, дейт Юруслан Тойчубеков.
- Азыр Казакстандын газ менен карамайдын акчасына байып, дымак байлап турган кези. Өзбекстан өз алдынча түзүлүшү менен алек. Түркмөнстан өзүнө-өзү корстон болуп отуру. Тажикстан кыйлага созулган оор абалдан эми чыгып келатат. Биз ишкерлик менен каржылыктын борбору боло алабыз.

Алдагыдай дымактуу милдетти ишке ашырыш үчүн Кыргызстан каржы системасын реформалап, негиздүү экономикалык багыттарын аныктап алышы абзел. Азырынча андай багыттар катары энергетика менен туризм гана эсептелүүдө. Президенттик шайлоо алдындагы Бакиевдин К.Бакиевдин экономикалык программасында алардын саны сегизге арбын болчу. Эмнеликтен он багыт экиге түшүп калганын Ю.Тойчубеков мамлекет башчынын позициясынын объективдүү шарт-жагдайга жараша өзгөрүлүп кетиши менен түшүндүрөт. Үчүнчү ашуу агроөнөржай секторун колдоого, айылды көтөрмөлөөгө арналган. Буга кошумча өнөржайды реформалоо, билим берүү системасын жаңылоо милдеттери да бар.

“Эмгек жана биримдик” партиясынын жетекчиси, өкмөттүн каржы көзөмөлү жана отчеттуулук боюнча агенттигинин директору Юруслан Тойчубеков Кыргызстандын тышкы карыздары тууралуу азыраак айтып, ансыз да көңүл чөгөт калктын маанайын түшүрө бериштин кажаты жок деген пикирде. Ойлогон ойду кыстаган турмуш жеңет болуп Кыргызстан тышкы карыздардын төөбастысында калганын башка бирөө эмес өкмөт өзү байма-бай айтып, кыйладан бери HIPIC программасына кире тургандыгын жарыялап келатат. Өкмөт башчы Феликс Кулов бул программадан каалаган убакта чыгып кете берүүгө болот деген пикирде.

- Эгер биз бул программа менен иштей баштасак, андан чыгып кетишибиз деле мүмкүн. Анын шарттары белгилүү, жети шарт коюшкан. Аны мен айтып отурбайын. Негизги талабы эле бул – биз реалдуу сектордо иштеп, тапканыбыз менен гана жашообуз керек. Ушул талапты сактасак биздин эгемендигибизге шек келтирген, укугубузду басынткан бир да сөз анда жок.

Кыргызстандын өнөр жай, соода, туризм министри Алмазбек Атамбаев экономикалык жаңы программага эларалык каржы уюмдарынын эмитен эле ичи чыкпай жатканын мисалга тартты.
- Бул документ Кыргызстан экономикасынын өнүгүшүн комплекстүү стратегиясын иштеп чыга турган өкмөттүн колу-жолун байлап коюшу ыктымал деп, алар камтама болуп жатышканын ачык эле айтып чыгышты,- дейт Алмазбек Атамбаев.

Кесиптешин колдогон экономика жана каржы министри Акылбек Жапаров жаңы программаны эларалык каржы уюмдары жактырбай жатканын ачык эле айтты.

- Алар үч жыл ичинде улуттук ички дүң продуктту эки эсеге көтөрөбүз дегенге түшүнбөй турганын билдиришти.

Өкмөт жыйынында жылуу-жумшак четке кагылган экономикалык документ калк арасында кандай пикир-сунуштарды жаратары азырынча белгисиз. Документ авторлору талкууга көпчүлүктүн катышуусун сунуш кылууда. Бирок да талкуу кандай уюштурулары да азырынча бүдөмүк.