Өкмөттө СПИД боюнча жыйын өтөт

БИШКЕК. Бүгүн өкмөт үйүндө СПИДге каршы күрөшүү боюнча үчүнчү мамлекеттик программа талкууланат. Жыйынга вице- премьер Адахан Мадумаров жана атуулдук коом өкүлдөрү катышат. Ырасмий маалымат боюнча, учурда Кыргызстанда ВИЧ инфекциясын алып жүргөн 800дөн ашык адам бар.