Парижде бүгүн профсоюздар менен студенттик уюмдар бир күндүк жалпы иш-таштоого чыгышат

Демонстранттар жаштарды ишке алуу жөнүндөгү мыйзамдын жокко чыгарылышы үчүн өкмөткө басым жасоону каалашат. Анткени ал мыйзамга ылайык, жаш адистерди кызматка алган ишкана 2 жылдан кийин себебин түшүндүрбөй эле аларды кызматтан алууга укуктуу. Өлкөдөгү транспорт каттамдары, алардын ичинде аба, темир жол каттамдарында, олуттуу проблемалар болушу мүмкүн.