Жаңылыктар ЕККУнун төрагасы Бишкекке келди 28-Март, 2006 БИШКЕК. Бүгүн Бишкекке ЕККУнун төрагасы, Бельгиянын Тышкы иштер министри Карел де Хухт келди. Ал президент Курманбек Бакиев, өкмөт башчы Феликс Кулов менен жолугушкандан кийин атуулдук коом өкүлдөрү жана журналисттер менен баарлашаары күтүлүүдө.