Өлүм жазасына кеткендер президентке ачык кат жолдошту

БИШКЕК. Өлүм жазасына өкүм кылынып, Бишкек тергөө абагында кармалып турган кылмышкерлер бүгүн президент Курманбек Бакиевге ачык кат жолдошту. Алар 24- марттагы революциядан кийин алардын маселесине да чекит коюлушу керек деп эсептеп, ар бир кылмыш иши боюнча юристтерден, журналисттерден жана бейөкмөт уюмдардан турган жумушчу топ түзүүнү талап кылышууда. Кайрылууда ным жыттанган 4 чарчы метр камераларда жатып, ар кандай оорудан жана тамак, аба жетпегенден 72 адам каза тапканы, дагы 70тей адам катуу ооруп атканы айтылат. Кыргызстанда өлүм жазасынын аткарылышына тыюу салынганына 8 жыл болду. Учурда жогорку жазага кеткен 200гө чукул адам тергөө абагында камалып жатат.