Бугун Новосибирскте скинхеддердин тобуна облусттук сот өкүм чыгарышы керек

Студенттер менен мектеп окуучуларынан турган тогуз скинхед-жаштар 2002-жылы тажикстандык жаранды ур-токмокко алып, 18 жолу бычак сайышкан деп айыпталышууда. Улутчул жаштардын тобу аларга коюлган күнөөнү моюнга алуудан баш тартышууда. Эгерде сот аларды күнөөлүү деп тапса, алар 5 жылдан 10 жылга чейин түрмөгө кесилиши мүмкүн.