Канаданын Грэнд-Прэри деген шаарында аялдар арасында керлинг оюну боюнча дүйнөлүк чемпионат аяктады

Жыйынтыгында муздун үстүндө желим ташты жылдыруу оюнунда бул жылы да швециялык кыз-келиндер дүйнө боюнча эң күчтүү экенин көрсөтө алышты. Алар америкалык команда менен таймашып, аны 10:9 эсебинде утуп алышты. Керлинг боюнча швециялык бул топ беш жылдан бери Европада биринчиликти эч кимге бербей келатат. Жакында Туринде өткөн Олимпиада оюнунда да алар биринчи болушкан.

Төрөкул Дооров, Прага