БИШКЕК. “Куш тумоосун көзөмөлдөө жана ага каршы аракет көрүү” долбоорунун алкагында кыргыз өкмөтү менен Өнүгүү боюнча эл аралык ассоциациясынын каржылык долбоорунун келишимине ылайык 3 млн доллар каражат бөлүнөт. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматынан билдиришти. Премьер-министр Феликс Кулов апта соңунда аталган долбоордогу келишимди жактырган буйрукка кол койгон.