ТАЛАНТ ТАГДЫРЫ : ЖАШ ЫРЧЫ-ОБОНЧУ ГҮЛГААКЫ

“Ар бир гүлдүн жыты ар башка” дегендей Гүлгаакы Сагындыкованын өзүнчө үнү, өзүнчө аткаруучулук жүзү бар жаш ырчыдан жана обончудан. Ал өзү теңдүү кесиптештериндей бактысын эстрададан эмес, элдик жана айтылуу обончулардын, атактуу ырчылардын ырларын аткаруудан издеп, такай чыгармачылык изденүүнүн айкын сапарында алектенип келет.

“Аракет кылсаң берекет” дегендей ал көшөрө талыкпай эмгектенүүнүн, тынымсыз чыгармачылык изденүүнүн натыйжасында акыркы беш жылдын ичинде карапайым угуучулардын гана алкоолоруна арзыбастан, көптү билген, көптү көргөн көрүнүктүү элдик шайырлардын купулуна толуп, Улуттук филармониянын “Эл ырчысы Эстебес” тобуна бышып жетилген профессионал ырчы-аткаруучу Гүлгаакы кабыл алынат.

- Мен жетектеген топто жаш жакшы ырчылар бар. Алардын бири – Гүлгаакы Сагындыкова. Үнү абдан жакшы, ыраазыбыз. Гүлгаакынын тегерегинде эстрадага ооп кеткен ырчылар көп. Жаш ырчы негизинен Мыскал эжебиздин ырларын ырдайт. Үнү да айтылуу ырчынын үнүндөй таза, тунук. Ал ырдоо менен чектелбестен, дастандарды, лирикалык ырларды, терме, санат, насыяттарды жакшы ырдайт. Үнүнүн угумдуулугу, тембри да абдан жакшы. Мен эмне демекмин, Кудай өзүнө өмүр берип, басыгынан жазбаса келечекте мыкты ырчыдан болот деп ойлойм,- дейт “Эл ырчысы Эстебес” тобунун жетекчиси,эл артисти Тууганбай Абдиев.

- Мектепте окуп жүргөндө өздүк көркөм чыгармачылыгына такай катышып ырдап жүрдүм,- дейт Гүлгаакы айым. -Комуз билчү эмесмин. Менин ырчылык дүйнөгө келгенимдин бир себеби өзүм ыр жандуу өстүм. Апам, атам жакшы ырдашчу. Бирок бүгүнкүдөй ырчы болушума алар түрткү болгон жок десем болот. Атам мени юрист, экономист болосуң дегенде Кыргыз университетинин экономфагына документтеримди өткөрдүм, бирок сынактан өтпөй калдым. Айылга барбай бир техникумга кирип окуп калдым. Бир күнү жолдош кыздарым Ленин заводунун маданият үйүндө Медербек Исаков деген агай комуз үйрөтөт экен деп калды. Мен агайга бардым. Мени кабыл алды. Комуз үйрөтө баштады. Агайдан эки күү үйрөндүм. Ошонун негизинде Б.Бейшеналиева атындагы искусство институтуна өттүм. Оркестр бөлүмүндө окудум.

-Кечиресиң Гүлгаакы айым, сөзүң оозуңда, эң биринчи жолу угуучулардын алдына кайсыл обончунун ырын ырдап чыктың эле?

-Эң биринчи жолу эл алдына Кубаныч Осмоновдун “Энекебай” деген ырын комуздун коштоосунда ырдап чыктым. Мен эмнегедир негизинен тематикалык ата-эне, жер, мекен жөнүндөгү ырларды аткарганды жакшы көрөм. Мен элдик ырларды ырдаганды өтө жакшы көрөм. Аларды ырдаганда эс алгандай болом.

Жаш ырчы атактуу обончулар Атайдын, Мусанын, Бектемирдин жана Мыскалдын аткаруусундагы классикалык ырларын аваздык боекторун, мукамдуу ыргактарын өчүрбөй жалындай жалбыртай ырдоо менен өзү да элдик обондордун нугунда, үлгүсүндө ашыктык, терме, санат ырларына обон чыгарат. Анда эмесе Гүлгаакынын “Жолугабыз” аттуу обонунун өзүнүн аткаруусунда угуп ой жүгүртүп көрөлү.

-Гүлгаакы айым, өзүң теңдүү жаш ырчылардын көпчүлүгү бүгүнкү күндө элдик жана айтылуу обончулардын ырларын комуздун коштоосунда ырдашпай эстрадага өтүп кетишти. Мунун негизги себеби эмнеде дейсиң?

- Менин оюмча эстрада фонограмма менен ырдоо жеңил. Анткени үнүн компьютердин жардамы менен кооздоп жазып алып, каалагандай ырдай берсе боло берет. Ал эми комуздун коштоосунда фонограмма менен ырдоого таптакыр мүмкүн эмес. Себеби ооз кыймылы менен кол кыймылы айкалышпайт. Ошондуктан кадимкидей нукура гана ырдоо керек. Менин оюмча кыргыздар Алатоосу, комузу, элдик ырлары менен сыймыктанат. Ошондуктан комуздун коштоосундагы ырларды көбүрөөк ырдашы зарыл. Мен өңдүү жаштар элдик ырларды эмес, тилибизди билбей калды. Мен ага өтө өкүнөм. Орусча сүлөп, элдик музыканы билбей бараткан курбуларымды эсиңерге келип, тилибизди, элдик музыкабызды сүйгүлө демекчимин - дейт, Гүлгаакы айым.