К. Бакиев Аламүдүн районунда ишембиликке катышты

Бишкек. Бүгүн президент Курманбек Бакиев Аламудүн районундагы Каражыгач айылында ишембиликке катышты. Президент, өкмөт башчы Феликс Кулов, Конституциялык соттун төрайымы Чолпон Баекова жана башка жетекчилер «Ыңкылап багы» деп аталган аянчага бак-дарак отургузушту. Ишембиликте президент сөз сүйлөп: «Ата-бабаларыбыздын жолун жолдоп, биз да келечек муундарга экономикалык жактан өнүккөн, күчтүү гана мамлекетти эмес, ошондой эле экологиялык жактан да таза өлкөнү калтырышыбыз керек», - деп айтты Курманбек Бакиев.