Украинада жекшемби күнү өтө турган парламенттик шайлоо алдында бүгүн агитация өткөрүлбөйт, шайлоо өнөктүгү кечээ күнү аяктады. Шайлоого 45 партия жана блоктун өкүлдөрү катышууда, алардын негизгилери - президент Виктор Ющенко менен премьер Юрий Ехануров жетектеген "Биздин Украина" деген партия, мурдагы премьер Юлия Тимошенконун блогу жана андан мурда премьер болгон Виктор Януковичтин "Региондор партиясы".