Премьер- министр Феликс Кулов былтыр 24- 25- мартта талап- тоноочулукта жапа чеккендерге жардам берүү тууралуу токтомго кол койду. Ага ылайык республикалык бюджеттен 2 миллион сомдон ашык каражат бөлүнүүдө. Алар тизме боюнча жабыр тарткан ишкерлерге тең бөлүштүрүлөт. Ошондой эле айрым субьекттерге бажы төлөмдөрү жана салыктардан жеңилдиктер берилмек болду.