Ыңкылаптын бир жылдык урматына аскердик парад болот

БИШКЕК. Бүгүн борбордук Алатоо аянтында эртеңки аскердик парадга негизги даярдык болот. Ага Бишкек гарнизонунун аскер күчтөрү катышууда. 24- март күнкү аскердик парадга Коргоо министри Исмаил Исаков командачылык кылат. Парадды кабыл алгандан кийин президент Курманбек Бакиев кыргыз элине кайрылуу жасайт.