«Шериктештик» партиясынын облустук бөлүмүнүн жыйыны өттү

ОШ. Жаңыдан түзүлгөн «Шериктештик» саясий партиясынын биринчи жыйналышында партиянын шаардык жана райондук бөлүмчөлөрүн ачуу, аткаруу комитетинин башкаруу курамын бекитүү жана республикалык курултайга делегаттарды шайлоо боюнча үч маселе каралды. Партиянын облустук жыйынын уюштуруу комитетинин өкүлү Мырзабек Абдылдаев жаңыдан түзүлгөн бул партиянын социалдык базасын мугалимдер, ишкерлер жана дыйкандар түзө тургандыгын белгилөө менен Ош шаары жана облус боюнча партия мүчөлөрүнүн саны сапаттык тандалыш боюнча 418 адам экендигин айтып өттү.