Экономикалык жаңылыктар

Бизнес кылгыңыз келсе, Канадага барыңыз

Дүйнөнүн өнөр жайы мыкты өнүккөн 7 өлкөсүнүн ичинен Канада бизнес үчүн өтө ыңгайлуу экенин 2006-жылы өткөрүлгөн изилдөө көрсөттү.
Алтернативалуу атаандаштыкты изилдөө же KPMG борбору мындай тыянакка ишкерлик үчүн маанилүү 27 көрсөткүчтү, анын ичинде жумуш күчүн, салыктын өлчөмүн, турак жайдын жана коммуналдык кызматтардын бааларын изилдөөнүн негизинде келди.

Нигериянын өкмөтү өз букараларынын санын билбейт

Африканын эң көп калктуу өлкөсү Нигерияда кечээ жалпы элдик эл каттоо башталды. Акыркы жолу өлкөнүн калкы 15 жыл мурда саналган.
Улуттук эл каттоо комиссиясынын төрагасы Самуил Данко Макама дүйшөмбү күнү билдиргенге караганда, азыр Нигерияда 120 миллиондон 150 миллионго чейин эл бар болушу мүмкүн. Өлкөдө 300 гө жакын этникалык топтор жашайт.

Саудия Арабыстан аба жолдор компаниясы менчикке сатылат

Падыша Абдулла Сауд Арабыстандын аба жолдор компаниясын менчиктештирүү планын бекитти. «План экономикалык реформаны улантат», -деп маалымдады Саудиянын Жогорку экономикалык кеңешинин башкатчысы Абдел Рахман бен Абдел Азиз ал-Тувейжри. Планга ылайык, ажы зыяпатына келген зияратчыларды кабыл алчу Падыша Абдул Азиз атындагы эл аралык аэропорт да кеңейтилип, кайра жабдылат.

Казакстан 10 жылдан кийин дүйнөнүн өнүккөн 50 өлкөсүнө кошулат

Казак өкмөтү өлкөнүн 2015-жылга чейинки транспорт стратегиясы бекитти. Максат Казакстандын транспорт системасын Евразия унаа системасына бириктирип, өлкөнү дүйнөдөгү 50 эң алдыңкы мамлекетке кошуу.
Ал үчүн келерки 10 жылда 50 миң чакырым тасма жол жана 1 600 чакырым темир жол курулат. Дагы 1600 чакырым темир жол электрлештирилет.
Бул иштер үчүн, премьер-министр Даниял Ахметовдун билдиришинче, 26 миллиард доллар сарпталат.

Молдова шарап сатып байымак болду

Молдова 2015-жылга сырт өлкөлөргө шарап сатууну эки эсеге көбөйтүп, жылына 745 миллион долларга шарап сатууну пландаштырууда.
Өткөн жылы Молдова 315 миллион долларга шарап экспорттогон. Анын 79 проценти Россияга сатылган. Бул жөнүндө Молдова-вин агро өнөр жай агенттиги маалымдады.

Чехтер көп иштегени менен өндүрүмсүз иштейт

Евростаттын маалыматы боюнча, Евробримдикке мүчө өлкөлөр ичинен чехтер баарынан көп же аптасына 42, 8 саат иштешет. Эң аз иштеген нидерланддар саналат. Алар жумасына орточо 31, 4 саат иштешет. Бирок, эмгек өндүрүмдүүлүгү боюнча, Чехия Батыш Европадан артта.