Мындай көрсөтмө өзбек өкмөтүнөн түшкөнүн "Азаттык" жана "Эркин Европа" радиосуна БУУнун Качкындар комиссариатанынын өкүлү Астрид ван Гендерн Сторт билдирди. Ал белгилегендей, өзбек тышкы иштер министрлиги муну Качкындар комиссариаты өз максатын толук аткаргандыктан, мындан ары Ташкентте турушуна жүйөө жок экендиги менен түшүндүргөн. Комиссариат Өзбекстандагы өкүлчүлүгүн 1992-93-жылдары Ооганстан менен Тажикстандагы жарандык согуш учурунда ачкан болчу. Ал эми былтыр Андижандагы кандуу окуядан кийин жүздөгөн өзбек жарандары четтен башпаанек табышына колдоо көргөзгөн.