Орусия президенти иш сапары менен Кытайга келди

Владимир Путин баштаган чоң делегациянын катышуусуна бүгүн Пекинде Орусиянын Кытайдагы жылынын ачылуу салтанаты болот. Бул - Путиндин президенттик кызматта тургандан бери Кытайга алтынчы жолу барышы.
Пекиндеги эки тараптуу жолугушууларда көбүнесе өз ара соода-сатыкты, энергетика тармагындагы кызматташтыкты чыңдоо жөнүндө сөз жүрөрү күтүлүүдө. Эл аралык маселелер, анын ичинде Иран менен Түндүк Кореянын өзөктүк программасы да талкууланчудай.