Бүгүн Кыргызстанда Пенза облусунун күндөрү башталат

Ага карата бүгүн кыргыз өкмөтүндө жолугушуулар болуп, журналисттер үчүн маалымат жыйыны өтөт. Буга чейин вице-премьер министр Адахан Мадумаров баштаган кыргыз делегациясы Орусиянын Пенза облусунда болуп, эки тараптуу кызматташуу тууралуу сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп келишкен.