БИШКЕК. Элдик ыңкылап күнүнүн алдында президент Курманбек Бакиев Бишкектеги маалымат каражаттарынын өкүлдөрү үчүн маалымат жыйынын өткөрмөкчү. Ал март ыңкылабынын бир жылдыгына арналмакчы. Президенттин басма сөз кызматы билдиргенге караганда, 23-мартка белгиленген бул жыйынга бардык маалымат каражаттарынын өкүлдөрү катыша алат.