Парламент өкмөттүн жазга даярдыгын угат

БИШКЕК. Бүгүн Жогорку Кеңеште өкмөттүк күн өтүп, анда жазгы талаа иштерине даярдык, табигый кырсыктардын алдын алуу боюнча чукул кырдаалдар министрлигинин иши жана көрүлүп жаткан чаралардын натыйжалуулугу тууралуу маселелер каралат. Жогорку Кеңештин бул күнкү отурумуна өкмөт башчы Феликс Кулов жана аталган маселелерге тиешелүү министрлер катышаары күтүлүүдө.