БЕЛАРУСТА ШАЙЛОО СОВЕТТИК КЕЗДЕГИДЕЙ ӨТӨБҮ?

Муса Мураталиев, Маскөө. Жекшембиде Беларуста президентти шайлоо өтөт. Анализчилер айтканга караганда «ал жолу Александр Лукашенконун өзүн өзү бийликке дагы бир мөөнөткө дайындоосу болот». Ошого карабай бийлик кийинки аптанын ичинде Минскиде бийликке оппозицияда турган талапкер Александр Милинкевич жаатындагылардан 50гө чукул кишини камап салганы дайын болууда. Анын артынан Беларусиянын Мамлекеттик коопсуздук комитетинин жетекчиси Степан Сухоренко кечөө күнү бийликти күч менен тартып алганы атат деп оппозицияны айыптаган билдирүү жазаган.
Анализчилер «Беларус экономикасы ырааттулукта. Ал өлкөдө саясий кысым гана курч», - дешет. Экономикалык жактан тың экендиги баарыдан мурда Маскөөнүн ага карамай менен газды арзандатылган баада сатышынан улам дешет.

Ага кошумча президент Путиндин көрсө көрмөксөнгө салган мамилеси Лукашенкону дагы бир мөөнөткө «өзүн өзү дайындоого» колдоо болуп атат дешет.

Орусиялык саясий талдоочулар кай бири: «Маскөө түстүү ыңкылаптын мурдагы советтик жер чегинде чыгышына каршы болгондуктан Лукашенконун режимин колдоого аргасыз», - дешет.

Ал эми батыштык анализчилер басында «Орусия жан тартып Минскинин бийлигин канатынын алдын катышы баарыдан мурда Беларусияда демократиялык түзүлүштүн өнүгүшүнө кагылган шынаа болуп атат".

Ушундай советтик кезди эске салган саясий маанайда 19-мартта Беларуста президентти тандоо өткөнү атат. Батышта «Европадагы акыркы диктатор» атка конгон Лукашенко бийлиги шек алгандын баарына азуусун көргөзүп, бийлигин сактап калуунун аракетинде дешет.

Бейшембиде Орусиянын мамлекеттик сыналгылары аркылуу Беларус КГБсынын жетекчиси Сухоренко анын өлкөсүндө шайлоо күнү (оппозициячылдар – ММ) жайынча нааразылык өткөрөбүз дегени менен иш жүзүндө төңкөрүш чыгарганы даярдык көрүп атыптыр деп билдирди:

«- Шайлоо деген шылтоо менен өлкөдө бийликти күч менен тартып алуу болгону атат», - деди Степан Сухоренко.

Мындай кеп шейшембиде беларустук оппозициянын «эгерде бийлик добуш эсебин ак чыгарбаса анда тынч нааразылык актысын өткөрөбүз» деген айтымынан улам чыккан экен.

Бирок, кийинки келген маалыматтарга караганданда, Беларус жетекчилиги шайлоо күнү митинг өткөрүүгө, ал кандай гана шааниде өтпөсүн – жарабайт деп тыюу салып коюптур.

КГБнын жетекчиси айтканга караганда оппозициячылар батыштан алган тээк акчасына жардырууларды, өрттөөлөрдү уюштурмакчы. Аларды колдоого алган туристмин деген көптөгөн коноктор келет. Үстүнөн түшкөнсүп Орусия оңчулдар күчтөрү союзунун лидери Никита Белых эч чакыруусу жок бүгүн Минскиге аттанып атканын айтты.

«- Мен ал жакка кандайдыр бир жол менен Александр (Милинкевичти - ММ) колдоо үчүн баратканым жок. Мен чындыгында Беларуста шайлоо кандай өтөт, ошону көрүп кайтуу үчүн баратамын», - дейт Белых мырза.

Ассошиэйтед пресс маалымдаганга караганда, шейшембиде, уруксаты жок көчөгө чыгуу уюштурган деп жыйырмадай оппозициячылдар камакка алынган. Алар менен кошо жүргөн чет элдик байкоочулар: 6 даниялык, 2 швед атуулун бийлик Минскиден чыгарып салган.

Аларды Минск: «Белорус мыйзамына ылайык чакырылган гана кишилер көз салуучу боло алышат, силер өзүңөр келип алыпсыңар», - деп тизмеге албай койгон.