Жерге муктаж атуулдар пикетке чыкты

БИШКЕК. Бүгүн Бишкектин Алатоо аянтына 200 чакты адам нааразылык чарасына чыгышты. Алар бир жылдан бери жер ала албай чуркап жүргөнүн айтышып, өлкө бийлигинен турак-жай үчүн жер бөлүп берүүнү талап кылышты. Талаптары аткарылмайынча пикетке чыга беришээрин, андан башка аргасы калбай калганын билдиришти.