Өзбекстанда тыюу салынган исламчыл топко мүчөлүк кылган деген айып менен 8 киши соттолду

Укук коргоочу Сурат Икрамовдун ырастоосунда, дүйшөмбү күнү Ташкент шаарынын соту чыгарган өкүмгө ылайык, Вахабизмди пропагандалаган деп күнөөлөнгөн 8 адам 6 жылга чейин түрмөгө кесилди.
Укук коргоочунун айтымында, соттолгондор аларды кыйнап күнөөлөрүн моюнга алдырышканын билдиришкен.