Аксы окуясына күнөөкөрлөр жазасын ала элек

БИШКЕК. Аксы окуясынын төрт жылдыгына карата бүгүн Турсунбек Акун баштаган укук коргоочулар жана депутат Азимбек Бекназаров маалымат жыйынын өткөрдү. Анда Аксы окуясынын кантип чыкканы тууралуу маалымат берилип, ал былтыркы март ыңкылабынын башаты болгону айтылды. Ыңкылаптан кийин Аксы окуясына саясий баа берилип, күнөөлүүлөр жазаланат деген үмүт пайда болгону, бирок ал дале ишке ашпай жатканы белгиленди. Азимбек Бекназаров баш прокурор болуп турганда Аксыдагы ок атуулар боюнча жаңы кылмыш ишин козгоп, анын 70 пайыздайы бүтүп, бирок ал кызматтан кеткен соң бул иш аягына чыкпай калганын айтты. Ал мунун себебин Акүйдө азыр деле Акаев учурундагылардын отурганы менен түшүндүрдү. 2002-жылдын 17-мартындагы Аксы окуясында 6 адам окко учкан.