ЯПОНИЯ, ГЕРМАНИЯДА ЖУМУШЧУЛАРГА ТАЛАП ӨСҮҮДӨ, КЫТАЙДА ЖОК

Япония жана көпчүлүк Европа өлкөлөрүнүн экономикасынын өсүү ыргагы тездей баштады. Шейшемби күнү Вашингтондо жайгашкан Manpower борбору жарыялаган изилдөөгө караганда, акыркы жарым жылда Европа, Азия жана Американын бакубат 24 өлкөсүндө жумушчу күчүнө болгон талап ырааттуу өсүп барат.
Акыркы жылдары Батыш Европанын бакубат өлкөлөрүнүн экономикасы жайбаракат козголуп, орточо өсүү ырааты 3 процентке жетпей турган. Эмгек рыногундагы абалды изилдеген Manpower борборунун соңку докладына караганда, азыркы жарым жылда дүйнөлүк экономикага дем берчү өлкөлөрдө жумуш күчүнө болгон талап өсүп баратат.

Америкалык илимий борбор мындай тыянакты Европа, Азия жана Американын 24 өлкөсүндө өткөрүлгөн изилдөөнүн натыйжасында чыгарды.
“Мунайдын баасынын кымбаттаганына жана башка факторлорго карабастан, Европа жана Азиянын көпчүлүк өлкөлөрүнүн эмгек базарындагы абал экинчи квартал катары менен жакшырууда. Америкада жумушчу күчүнө талап ырааттуу өсүүдө”,-деп билдирди аталган борбордун башчысы Жэфри Хорес.

Жумушчуларга болгон талаптын Германия менен Японияда жанданганы, - АКШ жана Канадада туруктуу өсүп жатканы дүйнөлүк экономика ишенимдүү өсүү жолунда экенин күбөлөйт.

Германиялык ишкерлер акыркы 10-15 жылда өндүрүштү Чыгыш Европа өлкөлөрүнө көчүрүп, жумушсуздук, айрыкча өлкөнүн өнөр жайлуу аймактарында, чоң мүшкүлгө айланып калган.

Изилдөө өткөрүлгөн Батыш Европанын 10 өлкөсүнүн ичинен Италияда гана оң жылыш жок.

Азияга кайрылсак, Японияга катар ушу тапта Индия, Тайван жана Гонконгдо жумушчуларга талап күчтүү. Демейде, эл аралык эмгек рыногунда жайында айыл чарба секторунда иш күчөп, дем алуу сезону кызыган кезде жумушчуларга талап өсөт.

Белгилей кетчү нерсе, быйыл Кытайда өткөн жылга салыштыраганда жаңы жумуш орундары аз түзүлөт жана адамдарды ишке алуу кыскат.

Баса, мунай баасы демекчи, Нью-Йорктун биржасында апрель айында сатылчу мунайдын наркы кечээ күнү 43 центке өстү жана 62 доллар 20 центке жетти. Лондон биржасында 1 долларга дээрлик өсүп, 63 доллардан ашып кетти.

Буга Иран ядролук чатакка байланыштуу тышкы базарга мунай чыгарууну кыскартат деген коркунуч себеп болду.