Депутаттыкка талапкерлерди каттоо аяктоодо

БИШКЕК. Бүгүн Кадамжай, Куршаб жана Балыкчы шайлоо округдары боюнча Жогорку Кеңештин депутаттыгы үчүн талапкерлерди каттоо аяктайт. Борбордук шайлоо комиссиясынын маалыматына караганда, бүгүн саат 17ге дейре Кадамжай аймагынан арыз берген 11 талапкердин тогузу, Куршаб округу боюнча көрсөтүлгөн 9 талапкердин сегизи катталды. Ал эми Балыкчы округу боюнча арыз берген 9 талапкердин баары каттоодон өттү. Аталган үч округда парламенттик шайлоо 9-апрелде болот.