Кыргыз милициясы полицияга айланат

БИШКЕК. 2006- жыл ичинде кыргыз милициясы полиция деп аталат жана көк форма кийе баштайт. Бул тууралуу ички иштер министри Мурат Суталинов журналисттерге билдирди. Министрдин пикиринде, кыргыз милициясынын совет убагынан калган азыркы кийимин алмаштырчу мезгил келип жетти. ЕККУнун колдоосу менен жүрүп жаткан бул реформанын чегинде кыргыз милициясында бири-бирин кайталаган структуралар жоюлуп, тартип коргоо органдары атайын каражаттар менен жабдылууда.