Турак жай куруу боюнча Улуттук программа иштелет

БИШКЕК. Борбор калаанын айланасындагы жана өлкө аймагындагы жерлерди басып алууну, өз алдынча турак жай курууну токтотуу максатында, “2010-жылга чейин турак жай жана өлкөнүү өнүктүрүү боюнча Улуттук программаны иштеп чыгуу үчүн мамлекеттик комиссия түзүү” жөнүндө жарлыкка президент Курманбек Бакиев 11-мартта кол койду. Президенттин басма сөз кызматынан билдирген маалыматка караганда комиссиянын курамы өкмөт мүчөлөрүнөн, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын, күч структураларынын өкүлдөрүнөн турат. Өлкө башчысы комиссияга аталган программаны жана өз алдынча жер басып алуучуларга комплекстүү чара колдонуу боюнча иш чараларды бир айдын аралыгында иштеп чыгууну тапшырды.