МУРДАКЫ ЮГОСЛАВИЯНЫН МУРДАКЫ ПРЕЗИДЕНТИ МИЛОШЕВИЧ ДҮЙНӨДӨН КАЙТТЫ

Югославиянын президенти Слободан Милошевич ишемби күнү Улуттар Уюмунун Гаагадагы сотунун абак жайында каза болду. Милошевич Балкан согушу маалында болгон кызыл кыргындарга, анын ичинде 1995-жылы Сребреница чөлкөмүндөгү 8 миңдей мусулманды жок кылууга жооптуу деп соттолуп жаткан. Акыркы айларда 64 жаштагы Милошевичтин кан басымы туруктуу болбой, сот жараяны үзүл-кесил жүрүп жаткан.
Слободан Милошевич 2001-жылы Белградда камакка алынып, сот 2002-жылдын 12-февралында башталган.

Милошевичти эл аралык Гаага трибуналы 1991-92- жылдары Хорватиядагы согуш маалындагы бейкүнөө адамдардын өлүмү үчүн; 1992-95-жылдары Босния-Герцеговинада миңдеген мусулмандарды жана хорваттарга каршы жасалган геноцид үчүн; 1999-жылы Косовонун албан калкына жасалган жана башка 60 чакты зобун-зордуктар үчүн жооптуу деп күнөөлөнгөн.

Ал Гаага соту дайындаган адвокаттан баш тартып, өзүн өзү коргоп жаткан. Милошевичтин айтканына караганда, ал эч кимди өлтүрүүгө жана зордуктап-кыйноого буйрук берген эмес. Ошон үчүн, өзүн ак деп санап, сот жакынкы айларда аяктайт деген үмүттө болчу.

Январда трибунал Милошевичтин Москвага барып дарыланып келүү өтүнүчүн канааттандырбай койгон. Ошондо Тышкы иштер министрлигинин өкүлү Михайил Камин - Россия Милошевич дарыяланып бүткөндөн кийин сотко кайтарылат деп кепилдик бергенин билдирген:

- Россия мурдакы Югославия боюнча Гаага сотуна Милошевичти Россияда убактылуу дарыланууга жөнөтүүсү үчүн бардык зарыл документтерди берди. Андан тышкары Милошевич өзү да дарыланып бүтөөр замат Гаагага токтоосуз кайтып келем деп кепилдик берди.

Бирок, Улуттар Уюмунун баш прокурору Карла дел Понте айым Гааганын өзүндө жакшы дарыгерлер бар деп, бул өтүнүчтү четке каккан.

Милошевичтин бир тууганы Россияда жашайт. БУУнун тергөөчүлөрү Милошевичтин аялы жана уулу Россиядан баш паанек тапкан деп шектенишет.

Франция өкмөтү ишемби күнү жасаган билдирүүсүндө Милошевичти Балкан согушунун негизги архитектору жана этностук тазалоо саясаты учурунда өлтүрүлгөн 10 миңдеген адамдардын өмүрү үчүн жооптуу деп баалады.

Сербиянын тышкы иштер министри Вук Драшковичтин айтышынча, көптөгөн сербдердин залалына калган Милошевичтин өз жеринде соттолбогону уят иш болду.

Кыргызстан демократиялык кыймылы партиясынын төрагасы Жыпар Жекшеевдин пикиринче, Милошевич мурдакы Югославиядагы этностор аралык тирешүүлөр үчүн жооптуу, өлкөдөгү сербдерден башка улуттарга чыдамсыздык менен мамиле жасаган саясатчы катары тарыхта калды. Милошевичтин мисалы, Жекшеевдин айтымында, ал бийликте болгон өткөн кылымда жана азыркы 21-кылымда бир эле улуттун кызыкчылыгын өйдө коюп, башка улуттарды тепсеп-тебелөөгө мүмкүн эмес экенин, андай саясат жаңылыш экенин көптөгөн лидерлерге айкын көрсөттү.

Кыргыз Республикасынын президенти алдындагы Адам укугу боюнча комиссиянын төрагасы Турсунбек Акун мурдакы Югославиянын экс-президенти Слободан Милошевичти карама-каршылыктуу саясатчы деп баалайт жана аны Ирактын мурдакы лидери Саддам Хусейн, Түндүк Кореянын мурдакы адыйы Ким Ир Сен жана Ливиянын жетекчиси Муаммар Каддафи менен бир катарга койот.

Укук коргоочу Т.Акун Милошевичтин өлкөнү биримдикте сактап калуу аракетин белгилөө менен, АКШ босниялык мусулмандарды коргоого алып, аларды тукум курут болуудан сактап калганына айрыкча токтолду.