ЭСЕН ИСМАИЛОВ: УЛУТ АРАЛЫК АРАЗДАШУУ СОЦИАЛДЫК МАСЕЛЕДЕН КЕЛИП ЧЫГАТ

Аманбек Жапаров,Бишкек АКШнын мамлекеттик департаменти ишембиде дүйнөдөгү адам укуктарынын абалы жөнүндөгү докладын жарыялады. Анда Кыргызстандагы демократиялык өзгөрүүлөр өз баасын алганы менен, өлкөдө улуттук азчылыктар басмырланып жатат деп сынга алынган. Кыргызстандагы түпкү улуттан башка диаспора жетекчилери докладда айтылган мындай сын-пикирге макул эмес.
Кыргызстанда учурда 154 улуттун өкүлдөрү жашайт. Алардын 80ден ашыгынын саны миңден ашык. 74 улуттун саны миңден кем. 1999-жылы Кыргызстан элдеринин ассамблеясы уюштурулуп, 30 улуттун диаспорасы түзүлгөн. Кыргызстанда улуттук азчылыкка карата мамиле тууралуу дунган диаспорасынын жетекчиси Эсен Исмаиловге кайрылдык. Анын айтымында өлкөдөгү майда улуттарга бийлик тарабынан эч кандай кысым-басым жасалган жок. Ал эми Чүй облусунун Искра айылындагы кыргыздар менен дунгандардын ортосундагы араздашуу социалдык маселелерден улам келип чыккан.

- Биздин кыргызда үйбүлөлүк “кландар”, түндүк-түштүк, деп чыгып атпайбы, булар дагы социалдык маселелерден улам болууда.

Эсен Исмаилов белгилегендей, өлкө калкынын көпчүлүгү жакыр жашагандыгына байланыштуу улуттар аралык эмес, социалдык маселелердин ортосунан пикир келишпестиктер келип чыгышы мүмкүн.

Башка улуттардын өкүлдөрүн басмырлоо, жергиликтүү калктын кулк-мүнөзүнө жат нерсе дейт, укук коргоочу Сардалбек Боталиев:

- Кыргыздарга кандай мамиле жасалса, майда улуттарга да ошондой мамиле жасалып атпайбы. Мына Өзбекстандан, Тажикистандан көчүп келишип жашап атышпайбы. Аларга эч ким ыдык көрсөтүп, басмырлаган жери жок.

Сардалбек Боталиевдин айтымында, ал жетектеген “Адам укугун коргоо” коомдук бирикмесине укуктары тебеленгендиги тууралуу бир дагы аз улуттардын өкүлдөрү кайрылышкан эмес.

Ал эми Кыргызстан элдеринин ассоциациясынын кеңешинин төрагасынын милдетин аткаруучу Касым Чаргынов бул маселеге карата мындай ой-пикирин билдирди:

-Кыргызстанда аз улуттардын укугун, маданиятын сыйлоо иретинде атайын Жогорку Кеңеш тарабынан аз улуттарды коргоо боюнча конвенция кабыл алынган. Эл аралык талаптарга ылайык 14-15 улуттун эли өз тилинде мектептерде окуйт. Ушул учурда Бишкек Гуманитардык Университетинде жана бир катар мектептерде өз эне тилинде окушат.Бул тил жагындагы маселе. Экинчиден аз улуттардын маданий биригүүсү. Өлкө боюнча 72 маданий улуттук борборлор бар. Ошто, Жалалабадда, Токмокто, Караколдо, Таласта филиалдары бар. Ал жерлерде 15 улуттун өкүлдөрүнүн баштары кошулуп турат.Үчүнчүдөн Жогорку Кеңешке да 10 ашуун аз улуттун өкүлдөрү шайланган. Аткаруу бийлигинде жана башка мамлекеттик мекемелерде алардын өкүлдөрү аз санда. Анын себеби алардын өкүлдөрүнөн кадрлардын аздыгына байланыштуу болуш керек,-деди Касым Чаргынов.