Ысыккөлдө жер титиреди

БИШКЕК. Чукул кырдаалдар министрлигинин маалыматына караганда, 8-мартта Ысыккөл облусунда күчү беш баллга жеткен жер титирөө каталды. Жер титирөөнүн очогу Бишкек шаарынын 260 чакырым алыстыкта жайгашкан Жетимбел тоо кыркасында болду. Андан кыйроолор жана жапа чегүүлөр болгон жок.