Ал-Жазээра Ирактагы туткундар тартылган видеону көрсөттү

Тасма барымтадагы тынчтык үчүн күрөшкөн төрт христиан активисттин үчөөсү унчукпай отурган жеринен тартылып алыныптыр. Канадалык эки, америкалык бир, британиялык бир активист акыркы жолу видеодон 28-январда көрсөтүлгөн эле. Бүгүнкү тасмада Ал-Жазээра телебекети үч киши өз өкмөттөрүн жана Перси булуңундагы мамлекеттерди өздөрүн бошотууга көмөк сураганын билдирди.
Анын аралыгында Бакуба шаарында бир машина жарылып, бир киши курман болду. Машина полициянын машинасы өтүп баратканда жарылганы кабарланууда. Мунун алдында Хилла шаарында эки машина жарылып, үч көчө полицичысы жараат алган эле.