Бүргөндү районун түзүү жөнүндө сунуш премьер-министрге берилди

БИШКЕК. Өкмөт башчы Феликс Кулов 3-4-март күндөрү Баткен облусунда иш сапары менен болгон учурда облус губерантору Султан Айжигитов Кадамжай районунун аймагындагы Бүргөндү өрөөнүн өзүнчө район катары бөлүү тууралуу сунуш айтты. Губернатор муну өрөөндүн райондун борборунан алыстыгы, Өзбекстан менен чек аралаш болгондуктан эл район борборуна каттоодо кошуна өлкөнүн бир канча бажы, чек ара бекеттеринен өтүп, кыйынчылыктарга тушугуп жатканы жана бул аймакта чечилбей жаткан чек ара көйгөйлөрүнүн көптүгү менен негиздеди. Мындай сунушту өкмөт башчы менен кошо барган Баткен облусунан шайланган депутаттар да колдоду. Премьер-министр Феликс Кулов бул маселени өкмөт иликтеп көрөөрүн, чын эле зарылчылык болсо жаңы район түзүлөөрүн билдирди.
Кадамжай району өлкө түштүгүндөгү эң чоң райондордун бири. Учурда аймакта 160 миңге чукул калк жашайт.