Кытайдын аскерий чыгымы быйыл дагы 15 процентке көбөйтүлөт

Кытай быйылкы аскерий бюджетин 14, 7 процентке же 35 миллиард долларга көбөйтүүнү мерчемдеп жатат.
Кытай парламентинин эртең ачылчу жылдык сессиясы алдында жасалган билдирүүдө 1990-жылдардын башынан бери Кытайдын аскерий чыгымдары орто эсеп менен жылына он проценттен кем эмес өсүп турганы белгиленген.