Бишкектин Биринчи май райондук сотунда 1-мартта президенттик админстрация башчысы Үсөн Сыдыковдун Майрам Акаевага каршы доо арызы карала баштады. Үсөн Сыдыков Майрам Акаеванын былтыркы декабрда «Белый пароход» жана «Для вас» гезиттерине жарыяланган «Унчукпай кое албаймын» аттуу ачык катында айтылган сындарга байланыштуу сотко кайрылып, ар намысына жана беделине шек келтиргенин жана моралдык зыян тартканын белгилеген. Ошондой эле моралдык зыяндын өлчөмүн 41 миллион 200 миң сомго баалаган.
Сот жыйынына президенттик админстрация башчысы Үсөн Сыдыков өзү да катышты. Алгач сотто Үсөн Сыдыков до арыз жолдоого себеп болгон жагдайлар туралуу көрсөтмө берди. Соттук танапис учурунда Үсөн Сыдыков журналисттерге сотко эмне үчүн кайрылганы тууралуу буларды айтты:
- «Жаңы ордо» гезитине чыккан Акаевдер тууралуу сын макаланын артында мени турат, бул ушундай начар киши дегендей сөздөрдү айтыптыр. Экинчиси, Бермет Акаеваны депутаттыктан ажыратканда мени БШКнын башчысы катары Бакиевдин көргөзмөсүн аткарды дептир. Мен эч качан БШКнын башчысы болгон эмесмин. Анын мени «дикобраз» деп шылдыңдаптыр. Эгер мен ошондой болсом, анда элден качкандар ким болот?
Үсөн Сыдыков ошондой эле мындай кат аркылуу президент экөөбүздүн ортобузга от жагуу аракети көздөлгөн деп эсептейт:
- Ушул кат менен Бакиев менен Сыдыковдун ортосуна карама-каршылыкты туудурууну максат кылган. Бир жерде Бакиевдин уулу минтип айтты, дагы бир жерде Бакиев тигинтип айтты деп жүрөт. Курманбек Бакиев да, Максим Бакиев да эч качан булар жазгандай сөздөрдү айтпайт.
Ушул эле күнү түшкө чейин мурдагы президенттин адвокаты Максим Максимович журналисттер үчүн маалымат жыйынын өткөрүп, Үсөн Сыдыков Майрам Акаевнын үстүнөн сотко кайрылуусуна эч кандай негиз жоктугун, аталган ачык кат анын абройуна шек келтирбестигин айткан.
Журналисттердин суроолоруна жооп берип жатып, адвокат Максимович ошондой эле сот каршы чечим чыгарса Майрам Акаева аны аткарууга милдеттүү экенин айтты:
- Соттун чечимин аткаруу керек. Аны аткарбай коюу кылмыш. Экинчи жагынан алганда моралдык зыяндар боюнча тажрыйба көрсөткөндөй суралган өлчөм эмес, балким беш, же 10 мин сом төлөө тууралуу чечим болушу мүмкүн. Сот бизге каршы чечим чыгарса, биз ага даярбыз. Президенттик админстрация башчысы менен соттошуу кыйын экенин мен түшүнөм.
Ал эми Үсөн Сыдыков доо арызында соттон моралдык зыяны учун бир миллион доллар өндүрүп берүү өтүнүчү менен кайрылганын, эгер сот арызын канааттандырса ал акчаны дароо балдар үйүнө берээрин билдирди:
- Сот мен сураган акчанын жарымын чечеби, үчтөн бирин чечеби, сот чечкендин эртеси Майрам Акаевадан ошол акчаны балдар үйүнө которуп беришин суранам. Балдар үйү ошолордун эсебинен жыргасын.
Президенттик админстрация башчысы соттун танапистен кийинки бөлүктөрүнө катышкан жок. Анын ордуна суроолорго өкүлү жооп берди. Бирок ал айрым суроолорго Үсөн Сыдыков өзү жооп бериши керектигин айтып, жооп берүүдөн баш тартты. Ушундан улам экинчи тарап сотко Үсөн Сыдыковду чакыруу өтүнүчү менен кайрылды. Ушул жана башка себептерден улам сот ишти кароону кийинкиге калтырды.