Аманбек Жапаров,Бишкек 28-февралда депутаттар Жогорку Кеңештин төрагасын шайлай алышкан жок. Төрт талапкердин ичинен алдыга суурулуп чыккан Кубатбек Байболовдун төрага болушуна 4 добуш жетпей калды. Айрым депутаттар спикердин шайланбай калышы парламенттик кризиске алып келет дешсе, кээ бир депутаттар парламенттин төрагасын бейшемби күнү шайлайбыз деген үмүттө.
28-февралдагы парламенттин жыйынында Жогорку Кеңештин төрагасы кызматына Кубатбек Байболов, Сооронбай Жээнбеков, Жантөрө Сатыбалдиев, Темир Сариев талапкерлигин коюшту. Добуш берүү алдында депутат Мелис Эшимканов ушул жыйында Жогорку Кеңештин төрагасын шайлап алууга депуттарды үндөдү:
-Эми саясат деген саясат. Күрөш деген күрөш. Мен угуп атам, балким ал жөн эле ушак сөздүр.Талапкерлигин коюп жаткан төртөөнү тең чаап... Парламентти кризиске алып барып, анан экинчи эшалон, үчүнчү эшалон деген айрым ойлор чыгып кетип атат. Ушул нерсени добуш берүүнүн алдында ачык сүйлөшүп алсак.
Депутат Азимбек Бекназаров төраганы шайлоону экинчи, үчүнчү жыйынга калтырбай, спикер болууну каалаган депуттарды ушул жыйында ачыктан эле талапкерлигин коюуга чакырды. Бул отурумда төраганы шайлап алууну сунуштады.
-Эгер кризиске учурап, төраганы шайлай албай калсак, ушуну күтүп жаткан көп саясий күчтөр бар. Ошондуктан коллегалар төраганы бүгүн эле шайлап койсок,-деди Азимбек Бекназаров.
Азимбек Бекназаров президент менен жолугуусу тууралуу ар кыл пикирлер айтылып жатканына кыскача түшүндүрмө берди.
-Урматтуу коллегалар. Андай-мындай сөз болуп атат экен. Мага таандык кылып айтып атышыптыр. Президент мага парламенттин төрагасы түндүктөн болсун деген имиш. Мен ачык айтайын. Президент мага “өзүңөр чечкиле, мен аралaшпайм”- деген. Түндүктөн болсун, түштүктөн болсун деп ал айткан эмес. Мен муну расмий түрдө билдирем. Бирок ушундай болуп тура берсеңер, кризиске учурагандыгына байланыштуу мен парламентти таратканга чейин барам деп айткан, -деди Азимбек Бекназаров.
Мына ушундай пикир алышуудан кийин депутаттар талапкерлерге добуш беришти. Төраганы шайлоонун биринчи айлампасында «Мекен» депутаттык тобунан талапкерлиги көрсөтүлгөн Сооронбай Жээнбеков жана «Эл менен» депутаттык тобунан көрсөтүлгөн Жантөрө Сатыбалдиев аз добушка ээ болушуп, кийинки айлампага чыкпай калды. Экинчи айлампада «Жибек жолу» депутаттык тобунан көрсөтүлгөн Темир Сариев менен Көз карандысыз депутаттар тобунан Кубатбек Байболов ат салышып, жыйынтыгында Байболов 24 добуш алып алдыга чыкты.Үчүнчү айлампада Кубатбек Байболовго 34 жактаган, 25 каршы добуш берилип, регламент боюнча тийиштүү 38 добушка жетпей калды.
Ошентип Жогорку Кеңештин төрагалыгына талапкерлигин койгон депутаттардын эң алды болгон Кубатбек Байболовдун талапкерлиги да өтпөй калды. Айрым депутаттардын пикиринде төраганы шайлоону үзгүлтүккө учуратуу аткаруу бийлиги тарабынан атайын уюштурулуп, парламентти кризиске учуратуу максатын көздөйт. Президенттин парламенттеги ыйгарым укуктуу өкүлү Данияр Нарымбаев мындай пикирге макул эмес.
-Президент өхзүнүн администрациясына, жалпы аткаруу бийлигине бул маселеге кийлигишүүгө тыюу салды. “Бул палатанын өзүнүн ички иши. Депутаттар бири-бири менен сүйлөшүшүп, келишимге келип бир чечим кабыл алышы керек. Биз болсо кимди шайласа биз ошону менен конструктивдүү иштешели” деп айтты президент,-деди Данияр Нарымбаев.
Депутат Мелис Эшимканов белгилегендей, айрым депутаттык топ, фракциялар өз талапкерлерин төрагалыкка шайлоо максатында жасалма жол менен Жогорку Кеңештин төрагасына талапкер төрт депутатты атайын өткөрбөй коюшкан.
-Менин баамымда жакынкы бир-эки айдын аралыгында спикерди шайлап алыш мүмкүн эмес. Балким бул бүгүн ак үйгө керектир.Анткени өзүнөн өзү шайланбай калса парламентте кризис башталат. Жанагы ушул парламентти таратууну көздөп жаткан күчтөрдүн чырагына май тамат. Тилекке каршы бул парламенттин өмүрү кыска болот,-деди Мелис Эшимканов.
Парламент төраганы шайлоо маселесине 2-мартта кайрылмакчы.