Ооган түрмөсүндөгү тополоң токтой элек

“Ооганстандын борбору Кабулдагы түрмөдө чуу чыгарып жаткандар өлгөндөр менен жарадар болгон 30 га жакын адамды бийликке өткөрүп берүүгө макул болушту”, - деп кабарлайт Франс-пресс. Түрмөдө кармалып тургандардын басымду бөлүгүн “Аль-Каида” террор уюмуна киргендер түзөт. Алар бийликтерге бир топ талаптарды коюшту. Ооган өкмөтүнүн өкүлү Себгатулла Мужаддади: “коюлган шарттардын айрымдарын өкмөт карап чыгууга даяр, бирок кээ бирлери такыр эле чектен чыгып кетти”, - деп билдирди. Сүйлөшүүлөр бүгүн дагы улантылат.