Казак оппозициясы алкактуу митинг өткөрдү

Жекшембиде Казакстандын Алматы шаарында 2 миңге чукул адамдын катышуусунда оппозициянын митинги өттү. Алар жакында киши колдуу болуп өлгөн Алтынбек Сансербаевди эскерип, ырасмий бийликтен аны атып кеткендерди табууларын талап кылышты. Бул – соңку жылдары казак оппозициясы уюштурган эң эле чоң жана алгачкы митинг болду.