Иракта радикал шийиттердин жолбашчысы диний эки тайпанын өкүлдөрүн биригүүгө чакырды

Моктада ас-Садр Басра шаарындагы жыйында сүйлөгөн учурунда шийиттер менен суниттерди биригип, өлкөдөн америкалык аскерлердин кетишин талап кылууга чакырды. 22-февралда Саммара шарында шийиттер үчүн эң ыйык жайлардын бири - ал- Аскария мечити жардырылгандан бери Иракта исламдын бул эки агымын жолдогондор ортосунда карама –каршылык кыйла күчөп кетти.