Референдум боюнча түшүндүрүү иштерин Адилет министрлиги уюштурат

БИШКЕК. Кыргыз өкмөтү «Референдумга даярдык көрүү жөнүндөгү» президент Курманбек Бакиевдин жардыгын ишке ашырууга киришти. Премьер-министр Ф. Кулов жума күнкү чыгарган чечими менен Конституциялык реформага байланыштуу түшүндүрүүчү материалдарды даярдоо жана аны мамлекеттик структуралардан баштап жалпы журтка кеңири маалымат берүүнү юстиция министрлигине тапшырды. Чет өлкөдө жүргөн кыргызстандык жарандар арасында түшүндүрүү иштерин жүргүзүү Тышкы иштер министрлигине милдеттендирилди. Ал эми жергиликтүү бийлик экинчи-үчүнчү кварталдын ичинде ай сайын жасалган иштер боюнча ар айдын башында президентке жана өкмөткө маалымат берип турмай болду. Өкмөт башчы юстиция министрлигинин уюштуруу иштерине байланышкан чыгымдар үчүн 2 миллион сом кошумча бөлүп берүүнү каржы министрлигине тапшырды.