ОРУСИЯ МЕКЕН КОРГООЧУЛАРЫНЫН КҮНҮН БЕЛГИЛЕСЕ, ЧЕЧЕН – ИНГУШТАР СҮРГҮНДҮ ЭСКЕРҮҮДӨ

Орусияда 23-февраль - Мекен коргоочулардын күнү түрдүү майрамдык иш -чаралар, жөө жүрүштөр, митингдер менен белгиленди. Аскер кызматчылары менен согуш ардагерлерине сый-урмат көргөзүлдү. Бирок мындан 62 жыл илгээри дал ушул күндөрү орун алган окуялар федералдык деңгээлдеги расмий өкүлдөр тарабынан эскерилбеди. 1944-жылдын 23-24-февралында Сталиндин буйругу менен дээрлик жарым миллиондой чечен жана ингуш калкы Борбор Азияга, анын ичинде Кыргызстанга депортацияланган болчу.
Бул күнү бүткүл Орусия боюнча өткөрүлгөн түрдүү майрамдык иш -чаралар миңдеген аскер кызматчылары менен согуш ардагерлери катышты. Москванын өзүндө эле митингдер менен жүрүштөргө 10 миңден ашуун адам чыкты. Алардын арасында армиядагы укук бузууларга нааразылык билдиргендер да болду. Кызмат милдетин аткарып жүрүп каза тапкан советтик жана орусиялык жоокерлерге багышталган диний жөрөлгөлөр чиркөөлөрдө өткөрүлдү. Орус президенти Владимир Путин башка бийлик өкүлдөрүнүн коштоосунда Белгисиз жоокердин Кремлдин жанындагы мүрзөсүнө гүл чамбаларды койду. Коргоо министри Сергей Иванов армияда жана деңиз флотунда кызмат кылгандарга куттуктоосун жолдоду.

Анткен менен федералдык бийликтер тарыхтын дал ушул күн, 23-февраль менен байланыштуу дагы маанилүү окуясы- чечендер менен ингуштардын массалык депортациясын эскеришкен жок. Мындан 62 жыл илгээри, 1944-жылдын 23-24-февралында дээрлик жарым миллионго жакын чечендер менен ингуштар жүк тарткан поездерге салынып, Казакстан, Кыргызстан жана Сибирге айдалган. Буга көрсөтмө берген Сталин аларды фашисттик армия менен кызматташканы үчүн айыптаган эле.

Эсептөөлөргө караганда, анда жолдогу азап- тозоктон, сууктан, сүргүндүн алгачкы жылындагы ачарчылык менен оору-сыркоодон Борбор Азияга көчүрүлгөндөрдүн жарымы өмүрүнөн айрылган.

1956-жылы Советтер союзунун ошол кездеги жолбашчысы Никита Хурущев антисталиндик кампания баштаганда гана чечен-ингуштардын мекенине кайтуусуна уруксат берилген эле. Аларга коюлган айып да жокко чыгарылган.

38-жаштагы Асия Мусаева Москвадагы фирмалардын биринде жетекчи кызматта иштейт. Айтымында, ата-энеси кезинде Казакстанга депортацияланган. Башка чечендердей эле алардын үй-бүлөсү да азыр Мекен коргоочуларынын күнүн майрамдабайт:

-Бизди бул күнү Мекенди коргоочулардын күнү катары белгилөөгө мажбурлашканы биз ата-энебизди сүргүнгө айдалганын эстен чыгардык дегендик эмес. Москвадагы мектептен жээнибизди Мекенди коргоочулар күнү бир белгисиз кишинин эстелигине гүл койдуруу иш- чарасына аралыштырбоону сурандык. Себеби бул армияга бизге кайгыдан башка эч нерсе алып келген жок.

Асия Мусаева "Азаттык жана Эркин Европа" радиосунун Москвадагы кабарчысы менен болгон маегинде кошумчалагандай, Чеченстандын өзүндө, эл арасында бул күнү депортациянын курмандыктарын эскерүү салты бар:

-Ал адамдардын алдында башымды ийем. Менимче,мен гана эмес ар бир чечен ушинтет. Салтка айланып калгандай, биздин үй-бүлө бул катаал депортацияда өмүрүнөн айрылгандарды эскеребиз. Мечиттерде куран окулат, курмандыкка мал союлуп, эти жетим-жесирлерге, жакыр жашагандарга таратылат. Адамдар мүрзөгө барышат.

Асия Мусаева кошумчалагандай, расмий эскерүүнүн жоктугуна карабай 23-февраль - чечендер үчүн, депортациялангандар гана эмес алардын балдары, неберелери үчүн өтө сезимтал күн бойдон калууда.