СПИКЕР ТАРЖЫМАЛЫ. ЧЕЧИЛГИС ПАСПОРТ МАСЕЛЕСИ...

Спикер Өмүрбек Текебаев өзүнүн отставкага кете тургандыгын бир нече ирет кайталаганы менен анын тагдыры чечилген жок. Ал элге атайын билдирүү менен кайрылып, мамлекеттин, өкмөттүн жетекчисине элдин жана өлкөнүн кызыкчылыгы үчүн өз ыктыяры менен төрагалык кызматтан кете тургандыгын маалымдаган. Дүйшөмбүдө Өмүрбек Текебаевдин отставкасы жөнүндөгү маселе парламентте каралып, ал ордунда калды. Бул окуя кыргыз басылмаларынын негизги темасы болду.
Апта башында Жогорку Кеңештин депутаттары төрага Өмүрбек Текебаевдин кызматтан кетүү маселесин карашты. Алгач төрага сөз алып, эмне себептен ишинен кетип жаткандыгына токтолду. Анын айтымында, коопсуздук кеңешинин жыйынынан кийин ал ушундай чечимге келген.

Добуш берүүгө 61 депутат катышып, тораганы "кетсин" дегенге 34, "калсын" деп 25 депутат добуш берди. Эки бюллетень жараксыз болуп табылды. Ошентип, төраганын тагдырын төрт добуш чечип, ал ордунда калды.

“Заман Кыргызстан” гезити жума 24-февралда чыккан санында “Төраганын тагдырын чечкен төрт добуш” деген макаланы жарыялады. Макала автору Бурул Бобуеванын жазышынча, кызыктын бардыгы эртеси башталды.

Депутат Зыядин Жамалдинов добуш берүү эреже бузуулар менен өткөнүн билдирди. Анын айтымында, добуш берүүгө 61 депутат катышкан, эсеп комиссиясы санаганда 62 бюллетень чыккан.

“Бул жолу да депутаттар эки тарапка бөлүнүп калышты. Бир жагы добуш берүүнү кайра өткөрүш керек десе, экинчилери бюллетендерди башынан
саноону сунуш кылышты”, деп жазат “Заман Кыргызстан” гезити.

Ал эми “Жаңы кылым” гезитинин жазышынча, өлкө парламенти эки-үч эле адамдын кол астында турат.

“Бул өзгөчө дүйшөмбүдөгү жыйында ачык көрүндү. Анткени ал жыйында эл өкүлдөрү деп аталган мырзалар өз алдынчалыктары түгүл Конституциялык укуктарын да толук пайдалана алышкан жок. Тагдыр чечүүчү маселелерге келгенде парламент сөзсүз түрдө ачык же ар кимдин конкреттүү аты-жөнү көрсөтүлгөн негизде чечим кабыл алуусу керек”, деп жазат гезит.

Макала автору Мирлан Дүйшөнбаевдин жазганына караганда, жогорудагыдай "көз боемочулук" ачыкка чыккан соң парламентте кайрадан добуш берүү өткөрүлүүсү зарыл.

“Өмүрбек Текебаев парламентти жетектөөгө кымындай да укуктук жана моралдык негизи жок. Анткени ал жашыруун добуш берүүдө жөнөкөй көпчүлүк добушту да ала алган жок“, деген сөздөр менен автор макаласын жыйынтыктайт.

Өмүрбек Текебаевдин төрагалык ордунда калгандыгы боюнча “Республика”гезити да жазды. “Эч кимге кереги жок Текебаев кайрадан өз ордунда, же элге кандай спикер керек?”деген макалада автор Өмүрбек Текебаевдин азыркы позициясы тууралуу анализ жүргүзөт.

Көптөн бери чечилбей келаткан паспорт маселесине “Жаңы кылым”гезити токтолду. “Паспорт дегениң күйдүрдү го, күйдүрдү...” деген макалада паспорт маселесинин чечилбегендигинен улам жалпы өлкө ичинде көптөгөн көйгөлөр пайда болгондугу тууралуу жазылат.

“Паспорт боюнча маселелерди айта берсе сөз көп. Бул жөнүндө карапайым эл үч жылдан бери сайрап келет. Бирок, силер уксаңар укмаксан, көрсөңөр көрмөксөн болуп калганыңар бизди таң калтырат. Аныңар аз келгенсип, бир документ үчүн он документке чуркатып атканыңар ашыкча”, деп жазат макала автору Сагындык Сапаев.