Казакстандын Улуттук коопсуздук комитетинин башчысы Нартай Дутбаев бүгүн кызматынан чегинди, аны бүгүн президент Нурсултан Назарбаев кабыл алды. Кечээ күнү коопсуздук кызматынын беш адамы камакка алынганы тууралуу жарыяланган, алар - оппозициялык саясатчы Алтынбек Сарсенбаевди өлтүрүүгө катышкан деп айтылууда. Сарсенбаев жана анын айдоочусу менен сакчысынын денелери Алматынын алдында 13-февралда табылган, алардын колдору байланып, баары желкеге атып өлтүрүлгөн. Назарбаевдин айтымында, кылмышкерлер эл арасында коркуу маанайын таратууну көздөгөн: "Менин түшүнүгүмдө, бул кылмыш артында бүткүл коомго жана бийликке кыр көрсөтүү жатат. Ал биздин өлкөнүн бүткүл кадыр-баркына шек келтирет. Кылмышкерлер эл арасында коркуу маанайын жайылтууну көздөгөн", - деди Назарбаев 21-февралда.