Хорватиянын ветеринариялык институту өлкөдө канаттуулардын адам өмүрү үчүн коркунучтуу Эйч5Эн1 вирусу катталганын ырастады. Дал ушул вирус өткөн жумада Киово аралында табылган ак куунун өлүгүнөн аныкталган. Ал тапта Европалык ветеринар эксперттер чогулуп, канаттууларды алдын ала эмдөө планын талкуулап жатышат. Евробиримдикке мүчө айрым өлкөлөр бул чара фермерлер үчүн кымбатка туруп калаарын эскертүүдө.