Иракка бүгүн Улуу Британиянын тышкы иштер министри Жек Стро келди. Анын айтымында, Ирактагы британиялык аскерлер жергиликтүү калкты мазактаганы тууралуу маалыматтар азыр тыкан иликтенүүдө: "Ал видео жарыялангандан кийин, Британиянын аскерий полициясы азыр кеңири жана тыкан тергөө жүргүзүп жатат. Алар өтө кылдат жана көз карандысыз иликтөө өткөрөт деп ишенсе болот", - деди Стро бүгүн Багдад шаарында. Иракта азыр жүз миңге жакын британиялык аскер бар, алар 2003-жылы жергиликтүү өспрүмдөрдү сабап-тепкилегени жөнүндөгү видео үстүбүздөгү жылдын 12-февралында жарыяланган. Багдад шаарындагы базарда бүгүн бомба жарылгандан кеминде 20 адам набыт кетти.