Ирактагы атышуулар менен жардыруулар 11 кишинин өмүрүн алды.

Кечээ Багдаддын борборунда болгон эки жардыруудан 3 ирактык мерт болду, жолго коюлган бомбадан Киркуктагы полиция башчысынын орун басары эки жансакчысы менен кошо мерт болду. Ирактын бийликтери жекшембиде Багдаддын чет жагында 8 кишинин сөөгү табылганын кабарлашты.