ТҮРКМӨНСТАНДА КОШ МАЙРАМ

Түркмөнстанда 19-февраль, жекшембиде Желек күнү белгиленди. Бирок түркмөн жарандары үчүн мындан да маанилүүсү, 19-февраль - президент Сапармурад Ниязов жарык дүйнөгө келген күн экендиги. Бийликте акыркы жыйырма жыл ашуун убакыттан бери турган, мамлекетти түбөлүк башкарууга укук алган Түркмөнбашы бул күнү алтымыш алтыга чыкты. Кош майрамдын урматына Ашхабадда аскерий парад өткөрүлдү.
19- февраль түркмөн календарында расмий түрдө Желек күнү деп көргөзүлгөнүнө карабай, майрам катары жарыяланышы Сапармурад Түркмөнбашы жарык дүйнөгө келген күн экендиги менен байланыштуулугун өлкөдө баары билишет.

"Урматтуу президенттин келе жаткан туулган күнү жана Желек күнү менен куттуктайбыз," – деген сөздөрдү ушул апта боюу телефон кызматын көргөзгөн операторлор өз кардарларына жолдоп жатышты.

Сапармурад Ниязов түркмөнстандыктар үчүн бир эсе кол тийгис пендедей эле сезилет. Ага Түркмөнстандын улуттук баатырынын наамы же "Алтын ай" белгиси буга чейин эле алты ирэт ыйгарылды. Ал - мындай сый-урматка арзыган жалгыз инсан. Сүрөтү мамлекетик гезиттердин башкы бетинен такай алынбайт, улуттук валюта - манаттын бардык үлгүлөрүнө басылган, күн сайын мамлекеттик теленин берүүлөрү обого чыгып жаткан кезде телевизордун бурчунан көрүүчүлөрдү үзбөй карап турат. Ашхабадда алтын жалатылып тургузулган эстелиги бар. Түркмөнбашы жазган "Рухнаама" - милдеттүү окуу китеби.

Түркмөн басма сөзү менен телеси иш жүзүндө түбөлүк президенттин ар бир кадамын чагылдырат. Сырт дүйнөдө болсо ал басма сөздүн душманы, адам укугун бузуучу катары атыгып, башкаруу ыкмасы Сталин менен Түндүк Кореянын коммунист жолбашчыларыныкына салыштырылып келүүдө.

Нью-Йорктогу Ачык коом институтунун Түрмөнстан боюнча долбоорунун директору Эрика Дейли өлкө Сапармурад Ниязовдун тушунда айрым ийгиликтерге да жетишкенин айтат:

-Оң нуктагы өзгөрүүлөр, албетте,Түркмөнстан көз карандысыздык алганы. Түркмөнстан көз карандысыз мамлекет катары өз өзгөчөлүгүн жарата алды. Бул укуктук, дипломатиялык жактан айрым бир артыкчылыктарды берүүдө. Ошондой эле туруктуу нейтралдуулук саясатын кабыл алуусун да оң көрүнүш деп айтууга болот.

Бирок Эрика Дейли кошумчалагандай, Ниязовдун доорун коштоп келе жаткан терс көрүнүштөр ал ийгиликтерден алда канчага ашып кетүүдө:

-Бул жерде али советтик бийликтин атрибуттары бар жана алар баардык тараптан өлкөнү аксатып, өнүгүүсүн кечеңдетүүдө. Саясий репрессия, адам укугун тебелөө кеңири жайылган. Сот жараяндарынын жүрүшү Сталиндин доорун эске алат. Улуттук коопсуздук министрлиги мурдагы эле КГБ бойдон. Өлкөнү көзөмөлдөөдө ыйгарым укугу чексиз, эч тоскоолдуксуз иштөөнү улантууда.

Айтор, айрымдардын пикиринде, Ниязов доорунун трагедиялуу бөлүгү, балким, алдыда болушу мүмкүн. Жашы жетимишке жакындап калган Сапармурад Ниязов буга чейин бир нече хирургиялык операцияны баштан кечирген. Азыркы өкмөттө мураскери деп эсептелген адам байкалбайт. Анын үстүнө Түркмөнбашы кимдер бирөөнүн элге таанылуусуна же көбүрөөк бийлик алуусуна жол бербей келүүдө. Көпчүлүк эксперттер анын көзү өткөн кезде мунай жана газга бай Түркмөнстанды баш алмандык капташы ыктымал деп жоромолдошот.