Кытайлыктар сүйүүктүүлөрү менен окшош болгулары келет
Кытайдын Шанхай шаарында жаштар Ыйык Валентин күнүндө бири бирине пластикалык операция белекке тартуулашууда. “China Daily” гезитинин жазышынча, клиникалардын биринде 3 түгөй мурдуларын, көздөрүн бири бириникине окшош кылууну суранышты. Клиниканын директору 4-февралдан бери операциялардын саны күнүнө 3 эсеге өскөнүн айтат. Синхуа агенттигине ылайык, Кытайда ушу тапта косметикалык хирургия өтө популярдуу. Өлкөдө пластикалык хирургияга адистешкен 1 миллионго жакын клиника бар. Шанхайдагы хирургтар, атүгүл, Ыйык Валентин күнүнө карата бааларын арзандатты.
Ошол эле мезгилде, Кытайдын керектөөчүлөр ассоциациясы ошондой операциянын натыйжасында жылына 20 миң чакты киши жаңы келбетине нааразы болуп кайрылаарын эскертет.
Кытайда эгиздер көбөйүүдө
Ал эми сүйүктүүсү менен баш кошуп, үй-бүлөө курган кытайлык аялдар эгиздерди көбүрөөк төрөй баштаптыр. Маалымат каражаттары бир эле балага уруксат берген мыйзамдан улам, аялдар атайын дары ичишет деп ырасташат. Көпчүлүк аялдар препаратты наристелүү болуш үчүн ичишсе, башкалары эгиз балалуу болууну көздөшөт.
Кытайдын гезиттери жазгандай, Нанкин провинциясынын төрөт үйлөрүнүн биринде былтыр 90 жолу эгиз балдар туулган. Мурда болсо жылына 20дан ашуун гана эгиз төрөлүп келген.
Кытайлык дарыгерлер жогоруда айтылган препараттарды ичүү ден соолук үчүн зыяндуу экенин эскертишет.
Эмне үчүн япон аялдар Чоко-гирини жаман көрүшөт?
Япониялык айымдар болсо Ыйык Валентин күнүн жек көрүшөт. Эмне дегенде, алар жыл сайын 14-февралда жанындагы бардык эркектерге, өмүрлүк жары, коллегалары, жоро-жолдошторуна жана эң негизгиси жетекчисине белекке шоколад беришет. Чоңдор ар бир аял кызматкерден бир коробка шоколад алса да, үйүнө кандай “түшүм” менен кайтаарын түшүнсө болот!
“Чоко-гири” деген салт анча эски эмес. Ал 40-жыл илгери шоколад чыгаруучу фабриканын акциясынан башталган.
Кээ бир сурамжылоолор көргөзгөндөй, иштеген аялдардын 70 пайыздайы бул адатка чекит коюууну каалашат. Эркектер болсо, түшүнктүү себептерден улам, тескерисинче, анын кала беришин жактырышат. Март айында, дагы бир салтка ылайык, эркектер аялдарга таттуу бадам тартуулашат.
Айрымдар акча үнөмдөө үчүн бир коробка таттуу алып келип, аны бардыгына ооз тийгиздирип кутулушат экен.
38-жылга уланган сот иши
Индияда Жагьявин Рам Ядав аттуу киши 38 жыл убактылуу тергөө абагында отуруп, жакында күрөөгө кое берилди. Ядав 1968-жылы кошунасынын аялын өлтүргөндүгү үчүн шектелип камакка алынган. Иш боюнча алдын ала угуулар райондук сотто өтүп, бирок ага расмий айып тагылган эмес. Буга карабай Ядав камакта кармалып келди.
Полиция анын иши боюнча документтер жоголуп кеткендиктен, сот болбой калганын мойнуна алды. Райондук сот кагаздарсыз Ядав актала да, күрөгө кое бериле да албайт деген чечим чыгарган. Ошентип, бул иш Индиянын жогорку сотуна өткөрүлдү. Судья Уай Кей Сабхарвал аны күрөөгө кое берүүнү чечти.
Ядав азыр 70 жашта. Адвокаттын айтымында, ал психикалык жактан соо эместей таасир калтырат.
Үй-бүлөөсү болсо 37 жылдан бери Ядавтын тагдыры жөнүндө бир да кабар албаптыр.
Рекордсмен карыя
Америкалык саякатчы Стив Фоссет узун аралыкка учуу боюнча рекорд койду. 3 күн илгери 61 жаштагы Фоссет Флоридадагы Канаверал тумшугунан жеңил учак менен старт алган. Ал 42 миң 469 километрди 76 саат 45 мүнөттө учуп өттү. Анын учагы техникалык себептерден улам, Англиянын түштүгүнө конууга аргасыз болгону менен, Фоссет жаңы рекорд коюууга жетишти. Буга чейинки рекорд Дик Рутану жана Жин Йегерге таандык. Стив Фоссет буга чейин спорттун 5 түрүндө 102 рекорд койгон. Алардын 62си азыркыга чейин сакталууда.