ҮСӨН СЫДЫКОВ МАЙРАМ АКАЕВАНЫ ЭМНЕ ҮЧҮН СОТКО БЕРДИ?

Президенттик администрациянын башчысы Үсөн Сыдыков Кыргызстандын экс-президентинин жубайы Майрам Акаеваны сотко берди. Муну айрым талдоочулар мамлекеттик администрация башчысынын упай топтоо максатын көздөгөн саясий кадамы катары баалап жатышат.
Президенттик администрация башчысы Үсөн Сыдыков «Унчукпай кое албайм!» («Не могу молчать!») деген макаласы үчүн Майрам Акаева менен кошо макаланы жарыялаган «Белый пароход» жана «Для вас» гезиттерин да сотко берди. Муну президенттин маалымат кызматы тастыктады. Сыдыков макалада Акаева анын беделине доо кетирген, чындыктан алыс маалыматтарды келтирген деп, моралдык чыгым үчүн тараптардан 41 миллион 200 миң сом өндүрүп берүүнү Биринчи май райондук сотунан сурап жатат.

Майрам Акаеванын президент Курманбек Бакиевдин дарегине жазылган ачык катын маалымат каражаттары өткөн жылдын декабрында жарыялаган. Анда экс-биринчи айым азыркы бийлик Кыргызстандын биринчи президентине жана анын үй бүлөсүнө запкы көрсөтүп жатат деп эсептеп, бийликтеги таасирдүү адамдардын бири катары Үсөн Сыдыковдун да атын атаган. Бирок, Акаеванын ачык катына ал кезде дароо Үсөн Сыдыков эмес, мамлекеттик катчы Дастан Сарыгулов ачык кат менен жооп берген.

Үсөн Сыдыковдун кыйла убакыт өткөндөн кийин бул маселеге кайра кайрылышын эми айрым талдоочулар ириде саясатка байлашууда. Маселен, «Демократия жана жарандык коом үчүн!» коалициясынын президенти Эдил Байсаловдун көз карашында:

- Азыркы учурда баарыбызга белгилүү болгондой, Үсөн Сыдыков менен Курманбек Бакиевдин мамилеси өтө начар. Бакиев аны жумуштан кандай айдаарын билбей турат. Бул жай айларынан, сентябрь айларынан бери ошондой. Менимче, ал саясий упайын көбөйтүү үчүн Майрам Акаева менен соттошуп, элдин көңүлүн алаксыткысы келип атат.

Эдил Байсалов табиятынан катаал коммунист Сыдыковду азыркы бийликте иштөөгө моралдык укугу жок адам катары баалайт. Коомчулукта Сыдыковдун ысымын Ош окуясына, Москвага ыңгайлуу тоталитардык аракеттерге тыгыз байланыштырган көз караштар да бар.

Анткен менен март окуясынан кийин эл оозунда Сыдыков Акаев бийлигин кулатуунун башында турган таасирдүү саясатчылардын бири катары сыпатталып, азыр мамлекеттик маанилүү кызматта отурушунун жөнү да ушуну менен түшүндүрүлөт. Жарандык коомдун, саясий партиялардын, парламенттин Үсөн Сыдыковдун жаңы бийликте отурушун каалабаган катмары президенттин кызматтан ала албай келатышын да ушул себеп менен негиздеп жүрүшөт. Март окуясынан кийинки бир катар чуулгандуу окуяларга тиешеси бар деп санаган тараптар Үсөн Сыдыковдун кызматтан кетишин кыйла ирет талап кылганы бар. Үсөн Сыдыков өзү «Азаттыкка» берген интервьюларынын биринде бул жагдайга төмөнкүдөй жообун берген:

- Бул кызматты мага бирөө берген жок. 15 жыл Акаев менен ким ат салышып жүрдү. Ачык ким айтып жүрдү Акаевдин кылмышын, Акаевдин үй бүлөсүнүн жасагандарын… Революциядан кийин ушул администрацияны жетектешке коллегиалдуу чечим болду. Отуруп жетектеп атам.

Сыдыковдун оппоненттери болсо ага ак үйдө көшөгө артындагы оюндарды жүргүзгөндөрдүн ана башчысы катары карашат. Айрыкча, парламенттин төрагасы Өмүрбек Текебаевдин коопсуздук кеңешине катышпай калышы мындай пикирди күчөттү. Себеби, Сыдыков парламент төрагасын 9-февралдагы Коопсуздук кеңешине катышышына кескин каршы болду.

«Улуу биримдик» улутчул демократиялык партиясынын төрагасы Эмилбек Каптагаевдин Үсөн Сыдыковдун Майрам Акаеваны сотко беришинин бир себебин маселенин ушул өңүтү менен байланыштырат:

- Бүгүнкү күнү Сыдыковго карата бардык жерде сын-пикирлер көбөйүп айтылып баратат. Ал кишинин образы Кыргызстан үчүн кандайдыр бир коркунучтуу киши катары калыптангандай болуп баратат да. Ошон үчүн менин оюмча ал сот аркылуу өзүнүн аброюн актоо үчүн сотко кайрылууга акылуу.

Легендарлуу парламенттин депутаты Жамин Акималиевдин оюнда Сыдыковдун сотко кайрылышына түздөн түз Майрам Акаеванын ачык каты себепкер:

- А кишинин жакшы жагын да, начар жагын да билебиз. Аскар Акаевдин моминтип кызматтан кетишине да а кишинин салымын билебиз. Мындайда, өзгөчө Азиянын шартында, аялзаттын мамлекеттик ишке киришип кетиши эч убакта жакшы нерсеге алып келген эмес. Эми болору болгон соң а киши ушунун баарын эми көтөрүп, ушундай эмгеги бар Үсөн Сыдыков өңдүү администрация башчысына жапайы чалыш деген өңдүү тигиндей-мындай сөздөрдү пайдаланганы туура эмес.

Жарандык коомдун өкүлү Эдил Байсалов, тескерисинче, президенттин администрация башчысынын сотко кайрылышы одоно ката болду дейт. Анын оюнда, аялды (эски хандын аялы болгон күндө да), эркин маалымат каражаттарын сотко берүү улуттук салттын да, саясий күрөштүн да алкагына сыйбайт, мамлекеттик ишмердин аброюна ого бетер көлөкө түшүрөт.