БИШКЕК. Өлкөнүн калкынын башкы нааразылыгы жакыр турмушка жана жумушсуздукка байланыштуу болуп жатат. Мындай пикирин өнөр-жай, соода жана туризм министри Алмаз Атамбаев 17-февралда Эл аралык валюта корунун миссиясынын жетекчиси Паул Нойхаус менен жолугушуусунда айтты. «Экономиканы жандандырбасак, өлкөдө өкмөттүк төңкөрүштөр өнөкөткө айланат», - деди Алмаз Атамбаев. Ал эми президенттин кабыл алуусунда болсо Алмаз Атамбаев бул жылы ички дүң продуктунун көлөмүн 8 пайызга жогорулатуу боюнча министрлик тарабынан жүргүзүлө баштаган иштер тууралуу маалымат берди. Курманбек Бакиев өлкөнүн экономикасынын өнүгүшү көбүнесе өнөр жай министрлигинин ишине байланыштуу болот деген пикирин айтты.